Билдирүүдө Өзбекстандын Алматыдагы Башкы консулдугу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинен маалымат алганы жана кармалган киши өзбек жараны эмес экени айтылат.
Буга чейин Казакстандын чек арачылары өзбек-казак чек арасындагы "Жибек жолы" бекетинен октон жаракат алган өзбек жаранын кармашканы кабарланган.
"Түркстан облусундагы "Жибек жолы" чек ара бекетинен Өзбекстанга өтүүгө аракет кылган 29 жаштагы өзбек жараны кармалды. Анын телефонунан Чымкенттеги башаламандыктар учуру тартылган видеоматериалдар табылды. Мындан тышкары анын далысында болжол менен желим октон алган жарааты бар. Кармалган адам жергиликтүү полиция бөлүмүнө өткөрүлүп берилди", — деп жазылган Казакстан Улуттук коопсуздук комитетинин билдирүүсүндө.