Аялдар 16-январда жергиликтүү тургундун үйүндө диний китептерди окууга чогулган маалда кармалган.
Башкармалыктын маалыматына караганда, аялдар Түркияда жашаган М.Х аттуу жарандын көрсөтмөсү менен бири-бирин конокко чакырып, ырааттуу түрдө чогулуп турушкан. Чын-чынына келгенде алар соцтармактар аркылуу "Хизб ут-Тахрир" идеясы боюнча Түркиядагы аялдан сабак алып турушкан.
Бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.