Ссылки доступа

Ферганада бир үй-бүлөнүн үч мүчөсү иске ууланып каза болду


Өзбекстандын Фергана шаарындагы "Истиклол" маалесинде иске ууланып бир үй-бүлөнүн үч мүчөсү каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Расмий маалыматтарга ылайык, эки киши дароо көз жумса, үчүнчүсү ооруканада каза болгон.

Бул кырсыкты иликтөө боюнча Фергана шаардык акимчилигинде атайын комиссия түзүлгөнү кабарланды.

Өзбекстан ӨКМи 2021-жылы өлкөдө 125 киши өрттөн жана иске ууланып каза болгонун, 115 адам жаракат алганын билдирген.

Эксперттердин пикиринде, мындай кырсыктардын көбүнө жарандардын газды жана башка отундун түрлөрүн пайдаланууда коопсуздук эрежелерин сактабаганы, ошондой эле колго жасалган мештерди колдонуусу себеп болот.

XS
SM
MD
LG