Айыптоо тарап Порошенкону камакка алууну өтүнсө, адвокаттар ага карата эч кандай чара көрбөөнү талап кылышкан.
Мурдагы президентке мамлекетке чыккынчылык жасаган жана терроризмге көмөктөшкөн деген айып тагылууда. Тергөөнүн версиясына ылайык, ал 2014-жылы президент болуп турганда Донбасстагы орусиялык жикчилдерден көмүр сатып алуу менен мыйзамды бузган. Өз кезегинде адвокаттар иштин материалдарында эч кандай далилдер жок экенин билдирип жатышат. Порошенко өзү бул аракеттерди азыркы президент Владимир Зеленскийдин өч алуусу деп атоодо.
Порошенко Киевге Варшавадан 17-январда учуп келген. Ал Орусиянын агрессиясына каршы туруу үчүн жарандарды өзүнүн саясий фигурасынын айланасына биригүүгө чакырган.