Ссылки доступа

Өзбекстанда соцтармак колдонуучулары Салык кызматынын башчысын сексизмге айыптоодо


Өзбекстандын Мамлекеттик Салык комитетинин төрагасы Шерзод Кудбиев. Ташкент, 17-январь 2022-жыл
Өзбекстандын Мамлекеттик Салык комитетинин төрагасы Шерзод Кудбиев. Ташкент, 17-январь 2022-жыл

Өзбекстанда Мамлекеттик салык комитетинин төрагасы Шерзод Кудбиев 17-январдагы басма сөз жыйынында журналисттердин бирине айткан сөзү үчүн сынга алынууда.

Аткаминер Qalampir.uz сайтынын журналистине "азыр жаш кызсың, элдин атынан сүйлөй албайсың" деп, анын Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан. Социалдык түйүн колдонуучулары Кудбиевдин бул сөздөрүн "агрессивдүүлүк" жана "сексизм" катары баалап, аны сынга алып жатышат.

Өзбекстанда 1-январда күчүнө кирген Салык кодексинин жаңы редакциясы ишкерлер менен калк арасында кызуу талкуу жаратып, көпчүлүгү мүлк салыгынын көбөйгөнүнө нааразылык билдирип жатышат.

Буга чейин Кудбиев салык системасын өзгөртүүнүн максаты — "бизнес субъектилерин көмүскөдөн чыгаруу жана мыйзамды сыйлаган салык төлөөчүлөрдүн атаандаштык шарттарын начарлатып, мамлекеттик бюджетти уурдаган кассалык уюмдарды жоюу" экенин билдирген.

Күн мурун социалдык түйүн колдонуучулары Салык кызматынын башчысы оор жана ыңгайсыз суроолордон оңой кутулуу үчүн маалымат жыйынына адистер менен ишкерлерди эмес, журналисттерди гана чакырганын сындап жазышкан.

Өзбекстандык журналисттер менен блогерлердин арасында Шерзод Кудбиев өлкө президентинин жубайы Зироатхон Мирзиёеванын тууганы экени айтылып келет. Бирок Кудбиев буга чейинки маектеринде мындай билдирүүлөрдү четке кагып, президент жана анын жубайы менен эч кандай туугандык байланышы жок экенин билдирген.

41 жаштагы Шерзод Кудбиев Өзбекстандын Мамлекеттик салык комитетинин төрагасы кызматына 2020-жылы май айында дайындалган.

XS
SM
MD
LG