Диний партиянын төрагасынын мурдагы орун басары Махмадали Хаит өмүр бою эркинен ажыратылган. Тажикстанда өмүр бою түрмөгө кесилгендер туугандары менен жылына эки жолу гана жолуга алат.
Хаиттин жакындарынын айтымында, кезектеги кездешүү 2021-жылдын ноябрына белгиленген. Бирок колониянын жетекчилиги жолугушууга уруксат берген эмес. Буга байланыштуу алар Хаиттин ден соолугунан кооптоно башташты.
Саясатчынын уулу Фируз Махмадали Башкы прокуратурага жана бөлөк түзүмдөргө арызданган, бирок жооп алган эмес. Буга байланыштуу ал эл аралык уюмдарга кайрылууга аргасыз болду.
"Расмий түзүмдөр унчукпай отурушат. 18-январда биз БУУнун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарына, Кызыл чырымга, ЕККУ жана башка уюмдарга кайрылдык. Укук коргоочулардын жардамын күтөбүз", - деди ал.
Тажикстан Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын башчысы Мансуржон Умаров 19-январда Махмадали Хаит тирүү жана саламаттыгы жайында экенин билдирди.
2016-жылы 2-июнда Тажикстандын Жогорку соту Махмадали Хаитти аскердик козголоң аракетине катышы бар деген айып менен өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул иш боюнча диний партиянын дээрлик бардык жетекчилери кармалган жана партия террордук уюм катары таанылган. “Ислам кайра жаралуу партиясынын” жетекчилиги айыптоолорду четке кагып, өлкөнүн коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзода уюштурган аскердик козголоң аракетине тиешеси жок экенин айтып келишет.