Ссылки доступа

Казакстан Европарламенттин резолюциясын сындады


Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин "Январь окуясы" боюнча резолюциясы бир тараптуу экенин жана объективдүү эмес бүтүмдөр менен маалыматтарга негизделгенин билдирди.

Казак ТИМинин билдиришинче, резолюциянын долбоорун даярдоо кезинде Европаламенттин депутаттары Казакстандын расмий адамдарынан түшүндүрмөлөрдү жана тактоолорду сураган эмес.

"Казакстан Республикасынын жетекчилиги демилгелеген расмий тергөө иштеринин натыйжалары жарыяланганга чейин мындай документтерди кабыл алуу ылайыксыз деп эсептейбиз. Анын натыйжалары эл аралык коомчулукка жарыяланарын дагы бир жолу тастыктайбыз" деп айтылат билдирүүдө.

20-январда кабыл алынган резолюцияда депутаттар эл аралык иликтөөнү демилгелөөгө, адам укуктары тармагында мыйзам бузган казак чиновниктерине санкция салууга үндөшкөн.

Казакстандагы нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.

Тополоңдо жалпы 227 адам өлгөнү аныкталды. 10 миңдей адам кармалганы кабарланып, 700дөй кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG