Ссылки доступа

Ташкентте блогер Миразиз Базаровдун иши карала баштады


Мирабад райондук сотунун алдындагы активисттер менен журналисттер. 20-январь 2022-жыл

Ташкенттин Мирабад райондук соту 20-январда блогер Миразиз Базаровдун ишин карай баштады. Ал "Жалаа жабуу" беренеси боюнча айыпталууда.

Буга чейин 30 жаштагы блогер өзбек өкмөтүн сындап, аткаминерлерди жемкорлукка айыптаган. Мындан тышкары бийликти бир нече жолу Кылмыш кодексинен "Гомосексуализм" беренесин алып салууга чакырган.

Базаровдун иши боюнча алгачкы сот отуруму ачык өтөрү айтылганы менен ага журналисттер киргизилген жок. Алардан коронавируска тапшырылган ПЧР-тесттин жыйынтыгы талап кылынды. Кабарчыларга мындай талап тууралуу алдын ала эскертилген эмес.

Ташкенттеги "Эзгулик" укук коргоо уюмунун башчысы Абдурахман Ташановдун айтымында, сот залына чет өлкөлүк дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү жана Европа биримдиги менен БУУнун Өзбекстандагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери киргизилди.

Блогердин адвокаты Сергей Майоровдун айтымында, судья сот катышуучуларына отурумдагы маалыматтарды сыртка чыгарууга тыюу салды.

"Судья аудиожазуу болбосун жана отурумдан кийин ал тууралуу эч ким эч кандай комментарий бербесин деген чечим кабыл алды. Ошондуктан отурумда эмне болгонун айтып бере албайбыз. Сот бул чечимин билдирүүлөр соттук териштирүүлөрдүн объективдүүлүгүнө терс таасир этиши мүмкүндүгү менен түшүндүрдү", — деди адвокат.

20-январдагы отурумда судья үй камагындагы Базаровдун бөгөт чарасын өзгөртүүдөн баш тартканы, негизинен жабырлануучу тараптын көрсөтмөлөрү угулганы кабарланууда.

Адвокаттын айтымында, бул иш боюнча жабырлануучу катары төрт киши көрсөтмө берүүдө — диний ишмер Аброр Абдуазимов, блогерлер Шухрат Мусаев менен Абусалих Салимов жана мектеп мугалими.

Базаровдун иши боюнча тергөө дээрлик тогуз айга созулду. Адвокат буга коронавирус пандемиясы жана блогердин саламаттыгынын начарлаганы себеп болгонун билдирүүдө.

Бул иш боюнча тергөө башталганда блогер алгач жабырлануучу болчу. Кийин анын макамы шектүүгө өзгөртүлсө, сотко кылмышкер катары жеткирилди.

Миразиз Базаров былтыр марттын аягында катуу сабалган. Ал ооруканага жеткирилип, дарыгерлер ички органдары жабыркаганын, мээси чайкалып, сол буту сынганын билдиришкен.

Кол салуу болгон күнү Базаров жапон анимеси менен корей поп-музыкасынын күйөрмандары үчүн иш-чара уюштурууну пландаган. Бирок анын катышуучуларына белгисиз адамдар кол салганына байланыштуу иш-чара өтпөй калган. Буга соцтармактарда Өзбекстандагы ЛГБТ-коомчулугу чогулуп жатканы тууралуу билдирүүлөр себеп болгон.

Базаровдун тааныштары менен укук коргоочулар кол салууну блогердин бийликти сындап жүргөнү менен байланышырып келишет. Ал өз билдирүүлөрүндө президент Шавкат Мирзиёевди сындап, коррупция күчөп жатканын айтып, өкмөттү карантин учурунда "элдин акчасын уурдаган" деп айыптаган. Мындан тышкары ал жарандарды 2021-жылдын октябрындагы президенттик шайлоого бойкот жарыялоого чакырган.

Базаров сабалгандан кийин Өзбекстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) "блогер сабалганына өзү күнөөлүү" экени айтылган беш мүнөттүк видео тараткан.

ИИМдин расмий билдирүүсүндө Базаров социалдык түйүндөр аркылуу салттуу эмес сексуалдык көз караштагы адамдарды "Хазрати Имам" мечитинин алдында жапырт демонстрация өткөрүүгө чакырганы жазылган.

Блогердин иши боюнча кийинки сот отуруму 21-январда өтөрү кабарланды. Эгер ал күнөөлүү деп табылса ири өлчөмдө айып пул төлөп же эркиндиги үч жылга чектелип, милдеттүү түрдө коомдук жумуштарга тартылышы мүмкүн.

Видео

XS
SM
MD
LG