Ссылки доступа

Токаев пайдаланылбаган кендерди акча салууга даяр компанияларга өткөрүп берүүнү тапшырды


Эгер кендерди жөн гана алып коюп, бирок пайдаланбай жүргөндөр болсо, анда аларды акча салууга даяр башка адамдарга өткөрүп берүү керек. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 21-январда ири бизнестин өкүлдөрү менен жолукканда билдирди.

"Жаратылыш байлыктарыбызды болушунча натыйжалуу пайдаланышыбыз керек. Өкмөт бардык кендерге ревизия жүргүзүп, пайдаланылбагандарын аныктап, чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвесторлорду тартуусу зарыл", — деди президент.

Мамлекет башчынын бул билдирүүсү экс-президент Нурсултан Назарбаевге каршы ураандар менен коштолгон өлкөдөгү жапырт нааразылык акциялар жана андан кийинки башаламандыктардан соң жасалды.

Буга чейин казак өкмөтү Токаевдин тапшырмасы менен Назарбаевдин кызына байланышы бар делген "Оператор-РОП" компаниясын утилизациялык алымдарды жыйноо укугунан ажыратып, бул милдетти мамлекеттик "Жасыл даму" ишканасына жүктөгөн.

Мурдараак президент "Оператор-РОПтун" ишмердүүлүгү коомчулук менен ишкерлердин "көптөгөн суроолорун жаратып жатканын" айтып, утилизациялык алымдарды жыйноо менен мамлекеттик орган алектениши керектигин билдирген.

XS
SM
MD
LG