Бул тууралуу орус парламентинин төмөнкү палатасынын төрагасы Вячеслав Володин телеграм-каналына жазды.
Анын айтымында, Украинанын президенти Владимир Зеленский Минск келишимин тоготпой жатат, НАТО болсо "Украинаны басып алууну" каалайт.
"Биринчиси да, экинчиси да трагедияга алып келиши мүмкүн. Биз буга жол бербешибиз керек", —деп белгиледи Володин.
Ал Москва өздөрүн "Донецк жана Луганск элдик республикалары" деп жарыялап алган аймактардагы мекендештерин коргоонун ыкмасын издөөгө тийиш деп кошумчалады.
Шаршембиде КПРФ фракциясынын депутаттары, анын ичинде лидери Геннадий Зюганов Мамдумага Орусия президенти Владимир Путинге "ЛНР" менен "ДНР" аймагынын көз карандысыздыгын таануу боюнча расмий кайрылууну сунуштаган токтомдун долбоорун алып чыккан.
Путинге кайрылуу Орусия менен Украинанын чек арасындагы кырдаал курчуган маалда жасалды. Батыш өлкөлөрү Москва ири масштабдагы аскердик кол салууга даярдык көрүп жатканын божомолдошууда. Кремль муну четке кагып келет.
Донбасстагы куралдуу жаңжал дээрлик сегиз жылдан бери уланып келе жатат. Донецк жана Луганск облустарынын айрым аймактары жикчилдердин көзөмөлүндө.