Ссылки доступа

Тажикстанда бажычылар конфискацияланган күрүчтү ишкерлерге кайтарып берүүгө милдеттендирилди


Курбонхон Охонова менен Нигора Рахимова
Курбонхон Охонова менен Нигора Рахимова

Бобожон Гафуров райондук соту Бажы кызматынын Согди облустук башкармалыгын эки ишкер аялга 3,7 тонна күрүчтү кайра кайтарып берүүгө милдеттендирди.

Былтыр октябрда бажычылар Кыргызстандан аткезчилик менен алып келингенин айтып, аталган ишкерлердин дээрлик төрт тонна күрүчүн алып койгон. Бирок Курбонхон Охонова менен Нигора Рахимова бул айыптоону четке кагып, сотко кайрылышкан.

Соттун чечиминде аткез товар деп алынган күрүч Тажикстанда өстүрүлгөнү белгиленген.

"Өкүм 14-январда чыккан. Эгер жакынкы 10 күндүн ичинде доо арыз жазылбаса, чечим күчүнө кирет", — деп билдиришти соттон.

Азырынча облустук бажы башкармалыгы бул чечим боюнча жогорку баскычтагы сотко арыз менен кайрылар-кайрылбасы белгисиз.

Былтыр 10-октябрда Бобожон Гафуров районунда аткезчилик менен 3700 килограмм күрүч алып бараткан "Мерседес Спринтер" унаасы кармалганы кабарланган. Анда ишкер Курбонхон Охонова күрүчтү Исфара базарынан алып Хожентте сатууну каалаганын айткан.

Тажикстандын Кыргызстан жана Өзбекстан менен чектешкен түндүк аймактарында аткезчилик актуалдуу темалардын бири болуп эсептелет. Буга чейин Бажы кызматынын Согди облустук башкармалыгынын жетекчиси облуста товарларды аткезчилик менен алып өтүү үчүн 164төн ашык өтмөк бар экенин айткан.

XS
SM
MD
LG