Ссылки доступа

Өзбекстанда Мирзиёевди сындаган блогердин эркиндиги чектелди


Ташкенттин Мирабад райондук соту "жалаа жабууга" айыпталган блогер Миразиз Базаровдун эркиндигин үч жылга чектеди. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы кабарлады.

Сот өкүмүнө ылайык, блогерге үч жыл ички иштер органдары белгилеген убакта үйдөн чыгууга тыюу салынды.

Базаровдун жактоочусу Сергей Майоров сот чечимин мыйзамсыз жана адилетсиз деп атады.

"Миразиздин үй камагында болгон мезгили дагы эсептелинет. Ага ылайык, анын жазанын бул түрүн өтөшүнө эки жыл, төрт ай калды. Ал күчтүү адам, көңүлү чөкпөйт. Күрөштү улантууга даяр. Формалдуу түрдө сот мыйзам чегинде иш алып барды. Бирок албетте, сот бир жактуу жана бул мамлекеттин эркин аткарды", - деди Майоров.

Журналисттерди коронавируска ПЧР-тести жок деген шылтоо менен Базаровдун сотуна киргизбей коюшту. Кабарчыларга мындай тесттин зарылдыгы тууралуу алдын ала эскертилген эмес. Блогердин жактоочусу жыйын ачык деп жарыяланганын, бирок сот аудио жана видеого тартууга тыюу салганын билдирди.

Базаровдун иши боюнча жабырлануучу катары диний ишмер Аброр Абдуазимов, блогерлер Шухрат Мусаев менен Абусалих Салимов жана 110-мектептин окутуучусу өтүштү.

Былтыр 28-март күнү кечинде Миразиз Базаровго үйүнүн жанынан үч белгисиз адам кол салган, алардын биринде бейсбол таякчасы болгон. Блогер ички органдары жабыркап, буту сынып, мээси чайкалып ооруканага жеткирилген. Бул күнү Базаров аниме жана кэй-поп сүйүүчүлөрүн Ташкенттин борборуна чакырган. Бирок белгисиз адамдар "ЛГБТ активисттерине" каршы уруксатсыз нааразылык акциясын өткөрүшкөндүктөн, иш-чара болбой калган.

Блогер ооруканадан чыккан соң сот анын бөгөт чарасын карап, үй камагында калтырган. Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы 1-апрелден 20-апрелге чейин укук коргоо органдарына жарандардан 28 арыз, ошондой эле Мирабад районундагы №110 орто мектептин мугалимдер жамаатынан Миразиз Базаровго мыйзам чегинде чара көрүүнү талап кылган жамааттык арыз түшкөнүн билдирди. Мугалимдер Базаровдун 2020-жылдын октябрь айында Тик-Токто жайгаштырылган видеолорунун бири аларды таарынтканын айтышкан. Видеодо блогер "Мектеп - бул эски кулдар жана ийгиликке жетпегендер, балдарды кул жана ийгиликсиз болууга үйрөткөн жер" деп айткан.

Кийинчерээк үч блогердин билдирүүсүнө таянып, Базаровго кошумча айып тагылган. Анткен менен Базаров өзү "өкмөтчүл блогерлер тараткан ар кандай жалган жалаалардан улам анын катталуучуларынан ага каршы жүздөгөн коркутуулар болгонун" билдирди. Базаров ички иштер органдары анын коркутуулар боюнча кайрылууларына көңүл бурбай жатканын айтты.

Базаров өз постторунда президент Шавкат Мирзиёевди сындап, коррупциянын күчөп баратканын жазып, экономикалык реформаларды жана мамлекет башчынын саясатын "чоң жоготуу" деп атаган. Өкмөттү карантин учурунда "элдин акчасын уурдап кетти" деп айыптаган. Мындан тышкары ал былтыр октябрда өткөн президенттик шайлоого бойкот жарыялоого чакырган.

XS
SM
MD
LG