Ссылки доступа

Армениянын президенти ыйгарым укуктары аз экенин айтып, кызматтан кетти


Армениянын президенти Армен Саркисян кызматтан кетти. Бул тууралуу анын расмий сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, Саркисяндын мындай чечимине ыйгарым укуктары жетпей, согуш жана тынчтык маселелеринде өлкөнүн саясатына таасир эте албай жатканы себеп болгон.

"Армения бүгүнкү күндө системалуу маселелерди чечүү үчүн президент потенциалынын көпчүлүк бөлүгүн пайдалана албаган реалдуулукта жашап жатат. Азыр президентте өз өлкөсүнө жардам берүүгө инструменттери жок. Буга чейин Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча комиссия түзүлгөн. Конституцияга өзгөртүүлөр кирип калса, кийинки президент балансталган чөйрөдө иштеп, өлкөдө тең салмактуулук тутуму түзүлөт деп үмүттөнөм", - деп жазылган Саркисяндын билдирүүсүндө.

68 жаштагы Армен Саркисян президенттик кызматка 2018-жылы жазында шайланган. Ага чейин 1996-1997-жылдары төрт ай премьер-министр болуп иштеген.

Армения бүгүнкү күндө парламенттик өлкө жана президенттик кызмат негизинен расмий гана мааниге ээ. Жарандар бул кызматка бир гана жолу жети жылдык мөөнөткө шайланууга укуктуу.

Өлкө мыйзамдарына ылайык, президент кызматка кетүү тууралуу арызын парламентке берет. Арыз жарыяланары менен дароо кабыл алынды деп эсептелинет. Жаңы президент кызматка киришкенге чейин мамлекет башчынын милдеттерин парламент төрагасы аткарып турат. Президент өлкөнүн Улуттук жыйыны тарабынан жети жылдык мөөнөткө шайланат.

XS
SM
MD
LG