Ссылки доступа

Кыргыз-тажик чек арачылары жолугушат


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке караштуу Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 23-январда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында кырдаал жөнгө салынды. Бул тууралуу аталган кызмат билдирүү таратты.

"23-январда болжол менен саат 14:40 чамасында Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Эски-Оочу айылынын Сай жерлигиндеги Козу-Баглан дарыясынын аймагында Эски-Оочу айылынын жарандары кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагынын такталбаган жерине мал-жандыктары кирип кетпеши үчүн зым менен казыктарды орнотуу жумуштарын баштаган. Бирок Тажикстандын чек ара кезмети келип "тосмону орнотууга эки тараптын чек ара өкүлдөрүнүн чечими керек" деген себеп менен жумуштарды токтотууну талап кылышкан. Ушундан улам Кыргызстандын жарандары жумуштарын убактылуу токтотушту", - деп белгиленген билдирүүдө.

Чек ара кызматы тосмо орнотууну 21-январда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тозот башчылары менен макулдашылганын маалымдады.

Түзүлгөн кырдаалды чечүү үчүн жакынкы убактарда эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу мерчемделүүдө.

Эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу тилкелердин айынан чек арада чыр-чатак байма-бай болуп турат. 2021-жылы жазындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жараат алган.

Тажикстан тараптан 19 киши каза таап, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө тең бул жаңжал үчүн бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгошкон.

XS
SM
MD
LG