Ссылки доступа

Өзбекстанда жетим балдар күч түзүм кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүндө тарбияланат (видео)


16-январда социалдык түйүндөрдүн өзбек сегментинде белгилүү ташкенттик ишкер Мурад Назаров шаардагы №23 балдар үйүнүн тогуз тарбиялануучусун багып алганы тууралуу маалымат тараган.

Кийинчерээк бул маалыматты Murad Buildings компаниясынын негиздөөчүсү өзү да жергиликтүү басылмаларга ырастаган.

Өзбекстанда президент Шавкат Мирзиёевдин былтыр августта кол койгон токтомуна ылайык, ата-энелери же жакындары баш тарткан жетимдер менен томолой жетимдер жашаган Боорукерлик үйлөрү жабылат. Буга байланыштуу анда тарбияланып жаткан балдарды кимдин камкордугуна өткөрүү берүү жана алардын мындан аркы жашоосун ким көзөмөлдөйт деген маселе жаралган.

Улуттук гвардиянын басма сөз кызматы бүгүнкү күнгө карата Каракалпакстандагы, ошондой эле Навои, Фергана, Наманган жана Хорезм облустарындагы "Боорукерлик үйлөрү" жабылганын билдирди. Андагы балдар үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлгөн жана акыркы төрт айдын ичинде жүзгө жакын Үй-бүлөлүк балдар үйлөрү ачылган.

ЖМКлардын маалыматына караганда, балдарды багып алгандардын көбү жабылып жаткан Боорукерлик үйлөрүнүн кызматкерлери менен жетекчилери, ошондой эле облус жана район башчыларынын, Улуттук гвардиянын, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү жана жергиликтүү ишкерлер болуп эсептелет.

Фергана облусундагы акимчиликтердин биринде иштеген, аты-жөнүн билдиргиси келбеген аткаминердин айтымында, мамлекеттик жана күч түзүм органдарынын кызматкерлери, ишкерлер Боорукерлик үйлөрүндөгү балдарды өз каалоолору менен гана багып алып жатышат. Ал облустагы бир Балдар үйү менен эки Боорукерлик үйү биротоло жабылганын кошумчалады.

– Айрым балдар өз жакындарына кайтып барса, башкалары Үй-бүлөлүк балдар үйлөрүнө берилди. Улуттук гвардиянын, облустук акимчиликтин кызматкерлери балдарды өз каалоолору менен багып алышты. Бул демилгени Улуттук гвардиянын облустук башкармалыгынын жетекчиси өзү да колдоого алды. Кээ бир балдар ишкерлердин үй-бүлөлөрүнө берилет. Эң башкы талап – турак жайынын аянты жетиштүү болушу керек, калган чыгымдарын мамлекет төлөп берип турат, – деди аткаминер.

Анын айтымында, мамлекет Үй-бүлөлүк балдар үйлөрүнө берилген ар бир тарбиялануучу үчүн ай сайын 1 миллион 300 миң сумдан (120 долларга жакын), майып балдарга – 2 миллион 700 миң сумдан (250 долларга жакын) төлөп берүүдө.​

Өзбекстандын Элдик билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын ноябрь айына карата өлкөдө 16 Боорукерлик үйү болсо, аларда 2047 бала тарбияланып жаткан.

Видео

XS
SM
MD
LG