Ссылки доступа

Орусиялык олигарх Алишер Усманов Өзбекстандагы ири цемент заводун сатып алды


Орусиялык Akkermann Cement компаниясы менен энчилеш Akkermann Cement CA компаниясы Өзбекстандагы «Ахангаранцемент» заводунун 98,6% акциясына ээ болду. Бул тууралуу Gazeta.uz басылмасы билдирди.

Akkermann Cement компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Антон Селявконун айтымында, «Ахангаранцементке» каражат жумшоо – USM холдингинин бардык инвестициялары сыяктуу эле бул өлкөнү – Алишер Усмановдун кичи мекенин өнүктүрүүгө багытталган.

Akkermann Cement CA компаниясы да Алишер Усмановдун USM холдингине карайт. Akkermann Cement 2021-жылы 4 млн тоннадай цемент чыгарган.

«Ахангаранцемент» - Өзбекстанда цемент чыгарган эң ири заводдордун бири. 2017-жылы ноябрда Орусия кытайлык Beijing Triumph International Engineering Со компаниясы менен бирге «Ахангаранцементтин» базасында жаңы завод салары айтылган. Завод жылына 3 млн тонна цемент чыгарат.

160 млн долларга бааланган завод 2020-жылы ишке берилген.

XS
SM
MD
LG