Ссылки доступа

Тажикстан Бээжиндеги кышкы Олимпиадага катышпайт


Тажик спортчулары Бээжинде өтө турган кышкы Олимпиада оюндарына катышпайт. Бийлик тажик атлеттери Олимпиадага жолдомо ала албай калышканын билдирди.

Кытай ТИМинин расмий өкүлү Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Эл аралык Олимпиада комитетинде Олимп оюндарынын расмий коногу катары каттоодон өткөн. Рахмондун Бээжинге барар-барбасы азырынча белгисиз.

Тажикстан Улуттук Олимпиада комитетинин кабарлашынча, тажик спортчулары Бахриддин Гоибов менен Сайдашраф Эшонов тоо чаңгысы боюнча жолдомо утууга аракет жасашкан. Бирок пандемияга байланыштуу Пакистан жана Ирандагы квалификациялык мелдештер болбой калып, алар электен өтпөй калышкан.

Тажикстан спортчулары 2018-жылы Пхенчханда (Түштүк Корея) өткөн кышкы Олимпияда оюндарына да катышкан эмес.

Кышкы Олимпиада оюндары Бээжинде 4-20-февраль аралыгында өтөт.

Президент Садыр Жапаров 3-5-февралга белгиленген Кытайга сапарынын алкагында Бээжиндеги кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат.

XS
SM
MD
LG