Ссылки доступа

ИИМ журналист Темировго байланыштуу кылмыш иши боюнча билдирүү таратты


Ички иштер министри Улан Ниязбеков иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровду кармоо жана ага карата жүрүп жаткан териштирүүлөр боюнча билдирүү таратты.

Анда министр "Бишкек шаарынын тургуну мекемеге арыз менен кайрылып, Болот аттуу жигит 2021-жылдын 25-октябрынан бери өзүн жана досторун баңгизат колдонууга мажбурлап жатканын, Бишкектеги Лонгвиненко көчөсүндөгү 55-үйдө жайгашкан кеңседе маңзаттарды колдонууга көндүрүү болуп, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранганын жазды", - деп билдирди.

Арыздын негизинде аталган кеңседе тинтүү жүрүп, анын ээси журналист Болот Темировдун чөнтөгүнөн кара куурайдын чайыры, же гашиш заты табылган. Ниязбеков төкмө акын Болот Назаровдун кармалуусу тууралуу да түшүндүрмө берип, аны кармоо учурунда чөнтөгүнөн 14 граммдан ашык кара куурай чайыры табылганын маалымдады.

"Биз коомчулукка таанымал жарандардын арасынан ушундай кылмыштуу жагдайларга баруусун күткөн эмеспиз. Тескерисинче, ар кандай кылмыштар, ушул эле баңгизаттар багытындагы кылмыштар боюнча да, айрым бир башка кылмыштардын алдын алууга да журналисттер ар дайым бизге жардам берип келишкендигин белгилеймин. Бирок, факт деген факт экен. Арыз менен кайрылды, биз чара көрүү үчүн тактоо иретинде тиешелүү иш-чараларды жүргүздүк. Тилекке каршы, жыйынтыгында кылмыштын курамы бар экендиги такталып олтурат. Тиешелүү экспертизалар алынды, тергөө иши акыйкат жана мыйзам чегинде жүргүзүлөт, тергөөнүн жүрүшү толугу менен менин көзөмөлүмдө болот. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, коомдун алдынкы прогрессивдүү билимдүү азаматтардын баңгизаттарды пайдаланып, ал түгүл башка жарандарды да мажбурлап жаткандыгы мени өкүндүрөт", - деген министр өз билдирүүсүн экспертизанын жыйынтыгы далилдегенин кошумчалаган.

Иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция 23-январга караган түнү кармап кеткен.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирүүсүндө журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровго Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгонун (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо) маалымдады.

Темиров менен Назаров 23-январга караган түнү кармалып, ИИМ имаратынын алдында ондогон медиа өкүлдөрү, жарандык активисттер каршылык акциясын өткөрүшкөн. Натыйжада экөө тең ошол эле күнү эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.

XS
SM
MD
LG