Ссылки доступа

ТАСС: Петербург аэропортунда тажикстандык такси айдоочу өлтүрүлдү


Санкт-Петербургдагы Пулково аэропортунда жекшемби күнү кечинде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн такси айдоочусунун сөөгү табылды.

ТАСС агенттиги укук коргоо органдарындагы өз булактарына шилтеме жасоо менен билдиргендей, 25 жаштагы тажикстандык жигитти бычактап кетишкен.

"Айдоочунун сөөгү Пулково аэропортунда Volkswagen Polo автоунаасынан табылды. 25 жаштагы тажик жараны Орусияда патент менен иштеген", - деп билдирди агенттиктин өз булагы.

Маалыматка караганда, полиция автоунаанын ичинен бычак тапкан жана видеокөзөмөл камераларын иликтеп чыкты. Кылмыш иши козголду. Полиция кылмышкерлерди издеп жатат.

Орусияда бир миллиондой тажик мигранты иштейт. Былтыр 300дөй кишинин сөөгү Тажикстанга жеткирилген. Өлүм себептери ар кандай – кокустук, киши өлтүрүү, жол кырсыгы, оору.

XS
SM
MD
LG