Ссылки доступа

Казакстанда жаңы түзүлгөн коомдук бирикме Конституцияны кайра жазып чыгууга ниеттенүүдө


24-январда Алматыда бизнесмендер, юристтер, окумуштуулар жана мугалимдерден турган коомдук ишмерлер “Республиканы коргоо кыймылы” коомдук бирикмеси түзүлгөнүн жарыялашты.

Демилгечил топтун билдирүүсүндө “Нурсултан Назарбаев түзгөн авторитардык система” жана “Елбасы башкарган мезгилде тамыры тереңдеп кеткен системаны түп тамырынан жоюу” жөнүндө айтылат.

Юрист жана ишкер Нурлан Искалиев коомчулуктун активдүү бөлүгү мамлекетти башкарууга катыша ала тургандай механизмдерди иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.

“Укуктун үстөмдүгү институтунун” камкорчулук кеңешинин төрагасы Азамат Тулеуов болсо жылдар бою система бир кишинин колунда болгонун, азыр аны өзгөртүүгө, калк – бийликтин булагы экенин түшүнүүгө убакыт жеткенин жана мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн билдирди.

Кыймылдын өкүлдөрү Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү же жаңы Конституция кабыл алуу маселесин демилгелейт. Муну менен бирге активисттер жыл аягына чейин акимдерди, маслихат менен парламент депутаттарын шайлоого үндөштү. Юрист Искалиев сенатты алып таштап, Борбордук шайлоо комиссиясын таратып, анын ордуна элдин мүдөсүн коргой турган чынчыл жана адилеттүү юристтерди алууну сунуштады. Кыймыл өкүлдөрү 2000-жылы кабыл алынган Елбасы тууралуу мыйзамды сындашты.

"Республиканы колдоо кыймылы" шайлоолорго катышууга ниеттенүүдө. Анын курамында азыр он киши бар.

XS
SM
MD
LG