Маалыматка караганда, алты баланын атасы Кучкаров 5-январда Алматыга жакын жердеги жумушуна кеткен бойдон кайтып келген эмес.
– 5-январда эртең менен жумушка кеткен. Ал Өзбекстандын, мен Казакстандын жаранымын. Алты балабыз бар. Ал Алматыда курулушта иштечү. Түшкө жакын аларды блокпосттон өткөрбөй жатышканын айтып телефон чалган. Ошондон бери дайыны чыкпай жатат. Алматыдагы бардык полиция бөлүмдөрүн кыдырып чыктым. Баарында тең күйөөм жок экенин айтып жатышат, - деди Кучкаровдун жубайы Светлана Сарсенбаева.
Казакстандын укук коргоо органдары өлкөдөгү башаламандыктарга тиешеси бар адамдарды издөө иштери уланып жатканын билдирүүдө. Полициянын маалыматына караганда, Нур-Султан шаарында эле миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн өткөн жумада Өзбекстандын 17, бул жумада 18 жараны кармалган.
Казакстандын бийлиги 2-январда суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу башталган нааразылык акциялардан кийинки башаламандыктар үчүн жоопкерчиликти "сырткы күчтөргө" жүктөп жатат. Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы башаламандыктарга Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн келген жоочулар катышканын билдирген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул билдирүүлөрдү ырастаган фактылар жарыялана элек.
17-январда Казакстандын чек арачылары казак-өзбек чек арасындагы "Жибек жолы" бекетинен октон жаракат алган Өзбекстандын жараны кармалганын билдиришкен. Эки күндөн кийин Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты четке кагып, Казакстанда кармалган адам өзбек жараны эмес экенин кабарлаган.
Акыркы маалыматтарга ылайык, башаламандыктар учурунда 227 киши каза болуп, 4,5 миңден ашык адам жаракат алган. Бул окуяларга байланыштуу жалпысынан 10 миң киши кармалып, жүздөгөн кылмыш иши козголгон.