Ссылки доступа

Казакстан менен Өзбекстандын да бир катар аймактарында электр энергиясы өчтү


25-январь күнү түштө Казакстандын да бир катар аймактарында жарык өчтү. Электр кубаты үзгүлтүккө учурап, интернет байланышы начарлаганын Алматы, Чымкент, Тараз жана Талдыкорган шаарынын тургундары кабарлашты.

Электр түйүндөрүнө жооп берген KEGOC компаниясы билдиргендей, 25-январь күнү Нур-Султан убактысы боюнча саат 11:59да Борбор Азия энергетикалык системасында (Өзбекстан, Кыргызстан да кирет) авариялык дисбаланс жаралып, “Түндүк-Чыгыш-Түштүк Казакстан” электр энергия тразитине күч келген. Мунун натыйжасында айрым аймактар жарыксыз калган. Компания аварияны жоюу жумуштарын жүргүзүп жатканын кабарлады.

Электр кубаты үзгүлтүккө учураганына байланыштуу Казакстандын түштүгүндөгү ири шаарларда жол чырактар иштебей калды. Алматыдагы айрым райондордо электр жарыгы 10-15 мүнөттөн кийин калыбына келгени кабарланды. Шаардын аймактарында жарык өчкөн эмес.

25-январда Өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттары дагы өлкөнүн чыгышында электр кубаты өчкөнүн жазышты.

Кыргызстан Токтогулдагы суунун аздыгынан оор кырдаалдын алдын алуу үчүн Казакстандан, Өзбекстандан алмашуу жолу менен электр энергиясын алып жатат. Электр жарыгын Түркмөнстандан да импорттой баштаган.

2013-жылы 12-январда Борбор Азия энергетикалык айлампасында эки ири авария болгон. Жамбыл-Фрунзе 500 кВ линиясы да иштебей калган. Кыргызстан Токтогул-Фрунзе линиясынан гана электр жарыгын алып калган. Электр энергиянын 40% Токтогул – Ташкент – Чымкент – Жамбыл аркылуу келип, Фрунзе көмөк чордонунда бөлүштүрүлөт.

Кыргызстанга эки чоң линия Казакстан менен Өзбекстан аркылуу келет.

XS
SM
MD
LG