Ссылки доступа

Бишкекте лифтте калган 40тан ашык адам куткарылды


"Азаттык" мэриянын маалымат кызматына шилтеме жасоо менен билдиргендей, кээ бир аймактарда, анын ичинде Бишкек шаарында электр энергиясы үзгүлтүккө учураганына байланыштуу “Бишкек жылуулук”, “Бишкексвет”, “Бишкекшаарлифт” , “Бишкек сууканал” ишканалары күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

Бул буйрук шаарда жарыкка байланышкан абал турукташканга чейин күчүндө болору айтылды.

Баш калаадагы үйлөрдө лифтте калып калган 40тан ашык киши куткарылды.

Кыргызстандын бир топ аймактарында 25-январда түшкү саат 12ден өткөндө электр энергиясы өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы жарык Борбор Азия боюнча өчкөнүн билдирди.

Социалдык тармактарда Нарын, Ош, Талас, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын бир катар аймактарында электр энергиясы өчкөнүн жазышууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы бул күнү 400дөн ашуун телефон чалуу болгонун, бирок электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына байланыштуу кырсыктап, куткаруучулардын жардамына муктаж болуп кайрылгандар жок экенин билдирди.

Казакстан менен Өзбекстандын маалымат каражаттары дагы өлкөнүн бир катар аймактарында жарык жок экенин жазып чыгышты.

XS
SM
MD
LG