"Кыргыз тарап Бээжинге Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоору боюнча бардык документтерди берди. Февралда биздин лидерлер Кытайга барып, үч өлкөнүн өкүлдөрү макулдашат. Андан соң бардык маалыматтар коомчулукка ачык айтылат", - деди Усубакунов.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу демилгеси алгач 2000-жылдардын башында көтөрүлүп, бирок бүгүнкү күнгө чейин ишке ашырылбай келет.
2017-жылы аталган жолду куруу боюнча үч тараптуу жумушчу топ түзүлгөн. Анда долбоордун үч түрдүү варианты каралып жатканы кабарланган.