Ссылки доступа

Популизм? Тажикстан бийлиги ИДП 9,2% өскөнүн билдирди (видео)


Власти Таджикистана утверждают, что рост ВВП за год составил 9,2%. Это правда?
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:38 0:00

Тажикстан бийлиги 2021-жылы ички дүң өнүм (ИДП) кескин өскөнүн жарыялады. Өлкөнүн премьер-министри пандемия жана дүйнө экономикасындагы төмөндөөгө карабай, Тажикстанда ички дүң өнүмдүн өсүшү 9,2 % түзгөнүн кабарлады.

Көз карандысыз эксперттер бул сан экономикадагы чыныгы абалды чагылдырбайт деп эсептешүүдө.

Расмий Душанбе ИДП 2021-жылы 98 миллиард 900 миллион сомони же 8 миллиард 730 миллион доллар болгонун билдирди. Ички дүн өнүм мурдагы жылга салыштырмалуу 9,2% жогорулаган. Премьер-министр өлкөдө чындап эле товар өндүрүү жана кызмат көрсөтүү өстүбү-жокпу, кайсы сектор башкаларга салыштырмалуу ийгилик жаратканын так айткан жок. Болгону электр энергиясын өндүрүү 4,3 % көбөйгөнүн гана белгиледи.

Бийлик жыл ичинде канча жаңы ишкана ачылганын гана айтып, бирок канчасы жабылганы жөнүндө маалымат берген жок.

Экономист Елена Кузьминанын айтымында, абалга так анализ жүргүзүү үчүн өкмөт берген маалымат жетишсиз. Эксперт Тажикстанда инфляция 8% түзгөнүн жана бул ички дүң өнүмдүн өсүшүн “жеп койгонун” эске салды. Тажикстанда Борбор Азиянын башка өлкөлөрү сыяктуу эле акыркы айларда азык-түлүк жана башка товарлардын баасы кескин өскөн.

"Тогуз пайыз – өтө чоң көрсөткүч. Бул жарандарга сезилиши керек”,– деди Кузьмина. Анын айтымында, тажикстандыктар тилекке каршы, бул өсүштү сезишкен жок.

В Таджикистане резко выросли цены на топливо
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

Тажикстандагы ИДПнын өсүшү жөнүндө кенен маалыматты апрелде – Дүйнөлүк банктын 2021-жылдагы экономкалык баяндамасы жарыяланганда билүүгө болот.

XS
SM
MD
LG