Ссылки доступа

Казакстанда West Oil Software компаниясынын жумушчулары иш таштоого даярданышууда


Маңгыстау облусунун Каракия районундагы West Oil Software компаниясынын былтыр эки аптадан ашык убакыт иш таштаган кызматкерлери талаптар жазылган жаңы жамааттык келишимге жумуш берүүчү кол койбой жатканына даттанышты.

Жумушчулардын билдиришинче, жетекчилик муну менен аларды дагы иш таштоого түртүп жатат.

“Биз, West Oil Software жоопкерчилиги чектелген шериктештигинин кызматкерлери жана жамааттык келишим түзүү үчүн куралган комиссиянын мүчөлөрү жетекчиликтин колунда курал болуп калуунун каалабайбыз. Эгер West Oil Software жумушчулардын талабын жана тынч келишим шартын аткарбаса, West Oil Software шериктештигине берилген мамлекеттик мүлктү Oil Transport Corporation шериктештигине кайтарып, бизди Oil Transport Corporation түзүмүнө кабыл алууну сурайбыз”, деп айтылат видеокайрылууда.

West Oil Software компаниясынын айдоочусу Садыктын айтымында, төрт айдан бер жумушчулардын талабы аткарылбай жатат.

— Төрт айдан ашык убакыт өттү – келишим болсо жок. Биздин талаптар орундалбай жатат. Анда жолугушууга “КазМунайГаздын” өкүлдөрү да катышкан. Жетекчилик эмнени күтүп жатканы белгисиз. Биз жаңы иш таштоо жөнүндө документ даярдап жатабыз, - деди ал.

West Oil Software "Мангистаумунайгаз" менен энчилеш Oil Transport Corporation компаниясына транспорттук кызматтарды көрсөтөт. Мындан тышкары Жетибай кениндеги скважиналарды тазалайт.

2021-жылы августта Маңгыстау облусунун Жетибай кенинде маянаны көбөйтүп, эмгек шартын жакшыртып, көз карандысыз кесиптик кошуундун ишине мүмкүндүк берүүнү сураган West Oil Software компаниясынын жумушчуларынын иш таштоосу эки аптадан ашык убакыт созулган. Жумуш берүүчү маянаны 36 пайызга көбөйтүп, майрам күндөрдөгү иш үчүн кошумча төлөм болоруна убада бергенде нааразылык токтогон.

XS
SM
MD
LG