Ссылки доступа

Навальный жана анын өнөктөштөрү террорчулар менен экстремисттердин тизмесине киргизилди


Алексей Навальный, Любовь Соболь жана Иван Жданов (архивдик сүрөт)
Алексей Навальный, Любовь Соболь жана Иван Жданов (архивдик сүрөт)

Орус бийлиги камактагы оппозиционер Алексей Навальныйды жана анын бир нече санаалашын "террорчулардын жана экстремисттердин" тизмесине кошту.

Навальный жана анын өнөктөштөрү Любовь Соболь, Вячеслав Гимади, Георгий Албуров, Лилия Чанышева жана Руслан Шаведдиновдун аты-жөндөрү "Росфинмониторингдин" тизмесинде 25-январда пайда болду. Ал тизмеде ошондой эле ашынган улутчул топтор, "Талибан", "Ислам мамлекети" сыяктуу чет элдик террорчул уюмдар дагы бар.

Орус мыйзамдарына ылайык, тизмеге киргизилген адамдардын банктык эсептери дароо камакка алынышы керек. Эки аптадай мурда бул тизмеге Навальныйга жакын дагы эки адам - Леонид Волков менен Иван Жданов кошулган.

Былтыр Мосгорсуд Навальныйга байланышы бар баардык уюмдарды "экстермисттик" деп тапкан. Бул уюмдар менен кызматташкан адамдар да узак убакытка кесилиши мүмкүн.

2020-жылы Орусияда “Новичок” химиялык затына ууланып Германияда дарыланган Навальный 2021-жылдын башында Москвага келери менен камалган. Ал Кремлдин көрсөтмөсү менен ууландырылганын айтып келет. Москва бул дооматты моюнга алган эмес. Евробиримдик Навальныйдын камалышына жана ууландырылышына байланыштуу орус аткаминерлерине санкция салган.

XS
SM
MD
LG