“Бийлик мындай оозеки талаптын себебин түшүндүргөн жок. Көбү өлкөдөн чыгып кетүү үчүн бул талапка баш ийип, жарандыктан баш тартууда”, - деди ашхабаддык тургун.
Анын айтымында, жарандыктан баш тартуунун машакаты көп. Оболу тийиштүү органдарга жарандыктан баш тартуу үчүн арыз тапшыруу керек, мындай арыз жылына эки жолу гана – май жана ноябрь айында каралат.
"Майда же ноябрда арыз каралбай калса, дагы алты ай күтүүгө туура келет. Жарандыктан баш тартуу тууралуу өтүнүч адатта себепсиз түрдө канааттандырылбайт. Кээде жарандардын салык же алимент боюнча карызы бар болуп чыгат", - деди Ашхабад тургуну.
Соңку мезгилде Түркмөнстандан Орусияга жер которгондор көбөйдү. 2020-жылы мартта түркмөн бийлиги коронавирус пандемиясына байланыштуу эл аралык каттамдар менен чек араны жапкан. Былтыр жайында карантин талаптары жумшарган маалда Орусиянын Ашхабаддагы элчилигинин алдында өлкөдөн чыгып кетүү үчүн документ тапшырган кишилер көбөйүп кеткен.