15-январда коронавирус жуктургандардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу Өзбекстан өлкөгө кирүү талабын катаалдаштырган. Республика аймагына кире турган жарандар эксперсс-тест тапшырууга милдеттендирилген. Мындай тесттин баасы 5 АКШ долларын түзөт.
Бирок милдеттүү түрдө экспресс-тест тапшыруу менен аэропорттордо жана вокзалдарда кезек көбөйдү. Жүргүнчүлөр текшерүүдөн өтүү жайларында узак убакытка турууга мажбур болушту. Мындай жагдайда вирус жуктуруп алуу ыктымалдуугу көбөйөт деген тынчсыздануулар пайда болгон.