Ссылки доступа

Алматыда тергөө изоляторунан 11 киши бошотулду


Алматыда январь окуясы боюнча кармалган 11 кишинин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, тергөө изоляторунан бошотулду. “Жапырт бейбаштык” беренеси боюнча шектелген 11 адамдын иши боюнча тергөө улана берет.

Бул тууралуу башында адвокат Абзал Куспан турган коомдук комиссия билдирди.

"Биз 11 кишини бошотууга жетиштик. Алардын ден соолугуна байланыштуу баш короо чарасы өзгөртүлдү. Жагдайларын көрүп турасыңар. Төртөө ооруканада жатат, - деди Куспан.

Ал комиссия мүчөлөрү кармалгандар менен абакта жолугушканын айтты. Тергөө изоляторунан тартылган видеодо айрым кишилер алган жаракатынан улам өз алдынча баса албай жатканын көрүүгө болот.

Буга чейин Башкы прокуратура укук коргоо органдары кармоо жана тергөө учурунда мыйзамсыз аракеттерге (кыйноо, ыйгарым укуктарынан ашкере пайдалануу жана башка) барганын мойнуна алган. Расмий маалымат боюнча жарандардан 109 арыз түшкөн. 11 даттануу боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталган.

Расмий маалыматка караганда, январь окуясы боюнча жалпысынан 2044 кылмыш иши козгогон, 900гө чукул шектүү кармалган, алардын 800дөйү соттун санкциясы менен камалган.

XS
SM
MD
LG