Ссылки доступа

Тажикстанда сержант жоокерди өлтүрүүгө шектелүүдө


Мирали Бокиев
Мирали Бокиев

Тажикстандын Аскер прокуратурасы 20 жаштагы жоокер Мирали Бокиевдин өлүмү боюнча чогуу кызмат өтөгөн сержант кармалганын билдирди.

Бокиев аскерге былтыр май айында чакырылып, 17-январга караган түнү Фархор районунда армияга мурдараак келген жоокерлер тарабынан сабалган. Анын сөөгү 19-январда Пенжикент шаарында жерге берилген.

“Озодинин” аскер прокуратурасындагы өз булагы билдиргендей, сержант Сиддик Садуллоев “кызмат абалынан кыянат пайдаланууга жана ыйгарым укугунан аша чабууга” шектелүүдө. Анын күнөөсү аныкталса, 12ден 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Тажикстан армиясында жоокерлерге үстөмдүк көрсөтүү же катаал мамиле жасоо учурларын далилдөө оор. “Жарандык эркиндик кеңесеси” билдиргендей, кимдир бирөө өлгөн учурда да, күнөөлүүлөр жоопко тартылган учурлар өтө сейрек кездешет.

XS
SM
MD
LG