Ссылки доступа

Си Цзинпин Борбор Азияга 500 миллион доллар бөлүүнү убада кылды


Кытайдын лидери Си Цзинпин Борбор Азия мамлекеттерине алдыңкы үч жылда экономикасын жана коопсуздугун бекемдөө үчүн 500 миллион доллар бөлүп берүүнү убада кылды.

25-январда Борбор Азиянын беш мамлекети менен Бээжиндин ортосундагы дипломатиялык алакалардын 30 жылдыгына арналган онлайн саммит өттү. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышты.

Кытай лидери быйыл коронавируска каршы 50 миллион доза вакцина берерин убада кылды. Ал Бээжин вакцина өндүрүү технологиясы менен бөлүшүүгө даяр экенин кошумчалады.

Быйыл эки мамлекеттин ортосундагы дипломатиялык алакага 30 жыл болду.

XS
SM
MD
LG