Ссылки доступа

Казакстанда Алия Назарбаевага тиешеси бар делген компаниянын башкаруучу директору өз жанын кыйды


Казакстанда "Оператор РОП" компаниясынын башкаруучу директору Руслан Шамшиев өз жанын кыйды. Бул тууралуу Informburo.kz сайты полицияга шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, укук коргоо органдары "Адамды өз жанын кыюуга чейин жеткирүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

"Kozachkov offside" телеграм-каналы Шамшиев өз өмүрүнө иш бөлмөсүндө кол салганын кабарлады.

26-январь күнү эртең менен жемкорлукка шектелип "Оператор РОП" компаниясынын башчысы Медет Кумаргалиев менен өлкөнүн экология министринин орун басары Ахметжан Примкулов кармалган.

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алия Назарбаевага тиешеси бар делген "Оператор РОП" компаниясы 2015-жылы түзүлүп, эски автоунаалардын тетиктерин жана таштандыларын чогултуп иштеткени үчүн мекемелерден атайын төлөм алып келген.

Казак бийлигинин маалыматына караганда, акыркы беш жылдын ичинде компанияга 691,9 миллиард теңге (азыркы курс боюнча дээрлик 1,6 миллиард доллар) түшкөн.

19-январда казак өкмөтү Токаевдин тапшырмасы менен "Оператор-РОП" компаниясын утилизациялык алымдарды жыйноо укугунан ажыратып, бул милдетти мамлекеттик "Жасыл даму" ишканасына жүктөгөн. Ага чейин президент бул компаниянын ишмердүүлүгү коомчулук менен ишкерлердин "көптөгөн суроолорун жаратып жатканын" айтып, утилизациялык алымдарды жыйноо менен мамлекеттик орган алектениши керектигин айткан.

XS
SM
MD
LG