Анын айтымында, ушундай эле аскердик жардам Орусиянын Кыргызстандагы базасына да берилет.
Азырынча коңшу эки өлкөгө аскердик техникалардын жеткирилиши боюнча кеңири маалыматтар жок.
2021-жылы августта Ооганстанда бийликке талибдер келгенден кийин Тажикстандагы орусиялык базага көптөгөн курал-жарактар берилген. Алсак, өткөн жылдын ноябрь жана декабрь айларында 201-базага Т-72Б3М үлгүсүндөгү модернизацияланган 30 танк, АК-12 автоматтары, Ярыгин тапанчалары, ири калибрдеги АСВК-М снайпер мылтыктары жана "Шмель" пулемету жеткирилген.
Мындан тышкары өткөн жылы Тажикстанда Орусия баштаган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бир нече аскердик машыгуулары да өткөн.
Тажикстандагы 201-база – Орусиянын чет өлкөдөгү эң ири аскердик объектилеринин бири. Ал Душанбе менен Бохтар шаарында жайгашкан. Базанын курамында 7 миң жоокер жана офицер бар.