41 жаштагы Орифхожаевге карата мындай өкүмдү Ташкенттин Алмазар райондук соту 26-январда чыгарды. Ага ылайык, блогер "Коомдун коопсуздугуна коркунуч жараткан материалдарды даярдоо, сактоо жана таратуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.
Орифхожаев былтыр июндун аягында блогер Аброр Абдуазимов менен болгон жаңжалдан кийин камакка алынган. 26-июнда Ташкенттеги "Тухтабой" мечитине барган Арифхожаев ал жерде намаз окуп жаткан Абдуазимовду "эки жүздүү" деп атап, ортодо чыр чыккан. 28-июнда ал укук коргоо органдарына чакырылып, майда бейбаштык айыбы тагылган. Административдик сот ошол эле күнү блогерди 15 суткага камакка алуу өкүмүн чыгарган.
Анда тергөөчүлөр COVID-19 пандемиясына шылтап, Орифхожаевге адвокаты менен жолугууга уруксат беришкен эмес. Forum18 эл аралык уюму 15 күндүк камакта блогер абак кызматкерлеринин катаал мамилесине кабылганын билдирген.
Өзбек бийлигинин диний саясатын сындап келген Фозилхожи Арифхожаевдин тагдырына эл аралык укук коргоо уюмдары көз салууда.
Былтыр декабрда Хьюман Райтс Вотч (HRW) укук коргоо уюму өзбек бийлигин ташкенттик блогерге тагылган "негизсиз" айыптарды алууга жана аны тез арада бошотууга чакырган.
Уюмдун 11-январда жарыяланган билдирүүсүндө 2021-жылы июнда өкмөттү ачык сындап келген Арифхожаев экстремизмге айыпталып, үч айга тергөө абагына камалганы жазылган.
Өткөн жумада Мирабад райондук соту ташкенттик дагы бир блогер Миразиз Бозоровду үч жылга эркинен ажыраткан. Расмий маалыматтарга ылайык, ага каршы арыз жазган төрт кишинин арасында Аброр Абдуазимов да болгон.