Ссылки доступа

Казакстан Сенаты өлкө саясатынын негизги багыттарын Назарбаев менен макулдашпоону сунуштады


Казакстандын Сенаты ички жана тышкы саясаттагы негизги багыттарды өлкөнүн туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен макулдашпоону сунуштады.

Буга чейин өлкө парламенти Назарбаевди Коопсуздук кеңеши менен Казакстан элдеринин ассамблеясына өмүр бою төрагалык кылуу укугунан ажыраткан.

"Сенат Коопсуздук кеңеши менен Казакстан элдеринин ассамблеясын мамлекет башчысы башкарышы керек деген өзгөртүүлөрдү колдоду. Ошол эле маалда депутаттар талкуунун жүрүшүндө дагы бир өзгөртүү киргизишти. Ага ылайык, "Туңгуч президент тууралуу" мыйзамдан ички жана тышкы саясаттын негизги багыттары боюнча демилгелер Елбашы менен макулдашылат деген норма алынды. Эми бул өзгөртүүлөр Мажилистин кароосуна жөнөтүлөт", — деп билдирди сенатор Ляззат Сулеймен.

Казакстанда биринчи президенттин макамы тууралуу 2000-жылы кабыл алынган тиешелүү мыйзамда жазылган. Мамлекеттик саясатты аны менен макулдашуу зарылдыгы 2010-жылкы өзгөртүүлөр менен киргизилген.

Назарбаев 2021-жылы апрелде Казакстан элдеринин ассамблеясынын төрагалыгын өлкөнүн азыркы президенти Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Быйыл 5-январда Казакстанда жапырт нааразылыктар өтүп жаткан маалда Токаев Коопсуздук кеңешинин төрагасы болгонун жарыялаган.

XS
SM
MD
LG