Тажик бийлиги 2019-жылы 1999-жылдагы паспорттун үлгүсү сим-карталарды каттоого жараксыз экенин билдирип, абоненттерди номурларын жаңы ID-карталарга каттатууга милдеттендирген.
Сим-карталарды милдеттүү түрдө кайрадан каттоодон өткөрүү тууралуу өкмөттүн токтомунда бул талапты аткарбагандарга карата эч кандай чара каралган эмес. Бирок мамлекеттик ЖМКлар жарандар февралга чейин телефон номурларын ID-карталарга каттатышы керектигин, болбосо мобилдик байланыш өчүрүлөрүн эскертип келишет. Бирок февраль айына бир нече күн калганына карабастан, колдонуучулардын 40% бул талапты аткара элек.
Эксперттер сим-карталар өчүрүлсө абоненттер гана эмес, жеке компаниялар жабыркап, жыйынтыгында бюджетке түшкөн акча азаят деп кооптонуп жатышат. Байланыш тармагы боюнча эксперт Рустам Гуловдун айтымында, эски паспортторго катталган 2,4 миллион сим-картадан жыл сайын 44 миллион доллар салык түшүп турат.
"Жарандарды азыркы паспортторун алмаштырууга милдеттендирүү менен аларга кошумча чыгым гана жаратып жатышат. Абоненттерге карата сим-карталарды өчүрүү сыяктуу чаралар көрүлбөйт деп болжолдоп жатам. Өкмөт кайра каттоо үчүн берилген мөөнөттү дагы узартат деген ойдомун", — деди ал.