Ссылки доступа

Журналисттерди коргоо комитети Болот Темировдун ишин акыйкат иликтөөгө чакырды


Журналисттерди коргоо комитети (Committee to Protect Journalists) иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишине байланыштуу билдирүү таратты.

Анда кыргыз бийлиги журналистке карата укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан баңгизатын таштоо фактысын тез арада жана ишенимдүү иликтеп, анын командасынын иштөө эркиндигин камсыз кылуусу керектиги айтылат.

"Кыргызстандык журналист Болот Темировго мамлекеттик жогорку кызматтагы адамга байланышкан журналисттик иликтөөсүн жарыялагандан бир нече күн өткөндөн кийин "баңгизатын сактоо" боюнча шектүү айып коюлуп жатканы, анын иши үчүн өч алуу сыяктуу көрүнөт", - дейт CPJдин Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын координатору Гүлноза Саид.

Буга чейин Норвегиянын Хелсинки комитети кыргыз бийлигин иликтөөчү журналист Болот Темировду тинтүү маалында ага атайылап маңзат ташталган деген маалыматты тыкыр иликтөөгө чакырган.

22-январдын кечинде Temirov LIVE деп аталган YouTube каналынын негиздөөчүсү, журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция кармап кеткен. ИИМдин маалыматына караганда, баңгизатка байланыштуу кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары өткөн. Журналисттер, активисттер жана акындар 23-январда чогулуп, аларды бошотуу талабын койгондон кийин экөө тең үй камагына чыкты.

Андан кийин Темиров жана анын командасында иштегендердин жеке жашоосу тууралуу автору белгисиз видеолор тараган. Коомчулукта аны "адамдын жеке жашоосуна кийлигишүү", "ыплас ыкма", "журналисттерди коркутуу" деген сындар айтылган. Бул видеолордун артында атайын кызмат, укук коргоо органдары турат деген да пикирлер бар. УКМК бул видеолорго атайын кызматтын тиешеси жок экенин 26-январда билдирди.

XS
SM
MD
LG