Ссылки доступа

Казакстандын мамлекеттик телеканалы "январь окуяларына тиешеси бар" радикал агымдын атын атады


Казакстандын мамлекеттик "Хабар" телеканалы январь окуялары тууралуу тасма көрсөтүп, өлкөдө тыюу салынган агымдын ыктымал тарапташтары кармалганын кабарлады.

"Кармалгандардын арасында "Йакын Инкар" радикалдык агымдын бир нече тарапташы бар. Алардын жанынан куралдар, гранаталар, ок-дарылар, диний китепчелер жана адабияттар алынды", — деп жазылган тасманын аягындагы титрде.

Казакстанда "Йакын Инкар" агымынын ишмердүүлүгүнө Нур-Султан шаардык сотунун 2018-жылдын октябрындагы чечими менен тыюу салынган.

Бийлик январь окуяларында 227 киши, анын ичинде 19 күч түзүм кызматкери каза болгонун билдирген. Азырынча алардын тизмеси жарыялана элек. Бийлик көз жумгандардын бир бөлүгүн расмий түрдө "теракттарга катышкан куралдуу бандиттер" деп атаган.

Казакстандын бийлиги 2-январда суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу башталган нааразылык акциялардан кийинки башаламандыктар үчүн жоопкерчиликти "сырткы күчтөргө" жүктөп жатат. Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстандагы башаламандыктарга Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн келген он миңдеген "террорчулар" катышканын билдирген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул билдирүүлөрдү ырастаган фактылар жарыялана элек.

XS
SM
MD
LG