Мекеменин билдирүүсүндө атайын операция качан жүргүзүлгөнү так айтылган эмес.
Маалыматка караганда, кармалган адамдар Ташкентте жамааттык акцияларды өткөрүүнү жана Сириядагы террордук топтордун катарына кошулууну пландашкан.
"Кармалган 30га жакын кишинин аталган уюмдун тарапташы экени аныкталды. Алардын бир бөлүгү Анжиян, Сурхандарыя жана Кашкадарыя облустарынан иштегени келишкен", — деп жазылган ШИИБдин билдирүүсүндө.
Мекемеден Кылмыш кодексинин тиешелүү беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.
"Тавхид ва жихад катибати" Өзбекстанда тыюу салынган уюмдардын катарына киргизилип, өлкө аймагында анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.