Ссылки доступа

Казакстанда дыйкандар айыл чарба техникалары үчүн утилизациялык алымдарды жоюуну талап кылышты


27-январда Нур-Султан шаарында маалымат жыйынын өткөргөн дыйканчылык чарбалардын ээлери өкмөттөн айыл чарба техникалары үчүн утилизациялык алымдарды жоюуну талап кылышты.

Дыйкандардын айтымында, утилизациялык алымдар техниканын баасын жогорулатып, жыйынтыгында өндүрүлгөн азыктар да кымбаттоодо.

- Ар бир нанда, сүттүн ар бир литринде утилизациялык алымдын акчасы бар. 2020-жылга салыштырмалуу бир айыл чарба техникасынын баасы орточо эсеп менен 13,8 миллион теңгеге жогорулады. ESSIL КЗС-760 үлгүсүндөгү комбайн алты жылдын ичинде 23 миллиондон 68 миллион теңгеге чейин кымбаттады. Утилизациялык алымдарды жыйноо ири бизнестин өнүгүшү үчүн гана киргизилген", — деп билдиришти алар.

"Нет утильсбору" кыймылынын активисти Нураддин Садыков айыл чарба техникасы үчүн утилизациялык алымдар толугу менен жоюлушу керек экенин билдирди.

- Айыл чарба техникалары үчүн утилизациялык алымдар толугу менен жоюлушу керек. Жеңил автоунаалар үчүн анын өлчөмү кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша 0-50 теңгеден 50-100 теңгеге чейин болушу зарыл. Бул шараттар аткарылганга чейин утилизациялык алымдарга мораторий жарыялоо туура болот", — деди Садыков.

Ал ошондой эле утилизациялык алым катары чогулган каражаттын сарпталышы жана бөлүштүрүлүшү ачык болушу керектигин кошумчалады.

Расмий маалыматтарга ылайык, Казакстандын туңгуч президентинин кичүү кызы Алия Назарбаева менен байланыштырылып жаткан "Оператор РОП" компаниясына 2015-жылдан бери утилизациялык алым катары түшкөн жалпы сумма 691,9 миллиард теңгени (азыркы курс боюнча дээрлик 1,6 миллиард доллар) түзгөн. Бул акчанын бир бөлүгү ата мекендик авто өнөр жайына стимул берүүгө жумшалган.

19-январда казак өкмөтү Токаевдин тапшырмасы менен "Оператор-РОП" компаниясын утилизациялык алымдарды жыйноо укугунан ажыратып, бул милдетти мамлекеттик "Жасыл даму" ишканасына жүктөгөн. Ага чейин президент бул компаниянын ишмердүүлүгү коомчулук менен ишкерлердин "көптөгөн суроолорун жаратып жатканын" айтып, утилизациялык алымдарды жыйноо менен мамлекеттик орган алектениши керектигин айткан.

XS
SM
MD
LG