Ссылки доступа

Кыргызстан чек ара окуясын чагым деп атап, жоопкерчилик Тажикстанга жүктөлөрүн билдирди


Кыргызстандын Чек ара кызматы 27-январда кыргыз-тажик чек арасында тутанган окуяны чагым деп атап, бул үчүн бардык жоопкерчилик толугу бойдон Тажикстандын Чек ара аскерлеринде экенин билдирди.

Мекеме тараткан соңку билдирүүдө акыркы кезде кыргыз-тажик чек арасында чагымчылдык көбөйгөнү, бирок тажик бийлиги кырдаалды жөнгөрүү үчүн эч аракет көрбөй койгону белгиленди жана 27-январдагы окуя тууралуу "Эки тараптан тең курмандыкка алып келген кагылышты тажик тарап атайын козутту" деп айтылды.

Ошону менен катар Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап чек арага аскердик техникасын, курал-жарагын, күчтөрүн жана каражаттарын тартып жатканын белгилеп, "Террордук уюмдардын 8 миңге жакын согушчандары топтолуп турган тажик-ооган чек ара тилкесин бекемдөөнүн ордуна тажик тарап кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакты күчөтүүгө бел байлап жатканы өзгөчө тынчсыздандырууда", — деди.

Мекеме тажик тарапты ок атышууну токтотуп, көйгөйлүү маселелерди сүйлөшүү аркылуу чечүүгө чакырды.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, 27-январда кечки алтыларда Баткен облусундагы Төрт-Көчө аймагында Тажикстандын тургундары жолду тосуп башташкан.

"Эки тараптын чек ара кызматы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта Чыр-Дөбөдө ок атылган. Тажикстандын аскерлери чагым жасашты. Кечке жуук эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү ок атууну токтотууну макулдашканына карабастан тажик тараптан кайра ок атылган. Кыргызстан маселени чагымга алдырбай, тынчтык жолу менен чечүүгө аракеттенүүдө жана коргонуу позициясын гана карманып турат", — деп айтылат кыргыз тараптын билдирүүсүндө.

Тажик тарап Кыргызстанды айыптап, атышууда бир жараны курман болгонун айтууда.

XS
SM
MD
LG