Ссылки доступа

АКШ Украинадагы абалга байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүнү сунуштады


АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас-Гринфилд
АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас-Гринфилд

31-январда АКШнын демилгеси менен БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, орус аскерлеринин Украина чек арасына жакын жерге топтолушу талкууланат.

"Украинага жакын жерге 100 миңден ашык орус аскери жайгаштырылган. Орусия эл аралык коомчулукка жана коопсуздукка коркунуч жаратуу менен Украинага каршы түрдүү туруксуздаштыруу аракеттерин көрүп жатат", — деп жазылган АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас-Гринфилддин билдирүүсүндө.

Кошмо Штаттар Коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөр фактыларды изилдеп чыгып, Орусиянын Украинага ыктымал кол салуусунун эл аралык коопсуздук системасы үчүн кесепеттерин карап чыгышы керек деп эсептейт.

Орусия азырынча АКШнын бул демилгесине карата эч кандай реакциясын билдире элек. Москва мындай күн тартиби менен Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүгө бөгөт коюуга аракет кылышы мүмкүн. Бирок Wall Street Journal гезитинин маалыматына караганда, Вашингтон жыйын өткөрүүгө зарыл болгон Коопсуздук кеңешинин кеминде тогуз мүчөсүнүн колдоосун таба алышы мүмкүн. Өз кезегинде Орусия кеңештин туруктуу мүчөсү катары анын чечимине вето коюу укугуна ээ.

АКШ бул теманын Коопсуздук кеңешинде талкууланышы эл аралык коомчулуктун тилектештиги ким тарапта экенин ачык көрсөтүп, Кремлди чек арадагы абалды жөнгө салууга ынандырат деп үмүттөнүүдө.

Орусия акыркы жумаларда Украинанын чек арасына жакын аймактарга 100 миңге жакын аскерин жайгаштырган. Киев менен Батыш өлкөлөрү Кремль Украинага кол салууга даярдык көрүп жатат деп кооптонууда. Москва мындай планы бар экенин четке кагып, коопсуздугу үчүн өз аймагына аскерлерин жайгаштырууга укуктуу экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG