Ссылки доступа

Тажик журналисттери салттуу маалымат жыйындарынын графигине нааразы


Тажикстанда мамлекеттик түзүмдөрдүн жарым жылда бир жолу өтө турган салттуу маалымат жыйындары журналисттер коомчулугунун нааразылыгын жаратты. Жергиликтүү басылмалар бир күндө 13 жыйын уюштурулса, анын баарына катышууга мүмкүндүк жок экенин билдиришүүдө.

Министрлик менен ведомстволордун, мекеме-ишканалардын, аткаруучу бийлик органдарынын 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча салттуу же пландуу маалымат жыйындары 31-январда башталат жана 17-февралга чейин созулат.

Күн мурун жарыяланган графикке караганда, 2-февралда эле 13 министрлик менен ведомствонун маалымат жыйыны өтөт.

“СССР” сайтынын башкы редактору Сайёф Мизроб редакция салттуу маалымат жыйындарына катышуудан баш тартканын билдирди.

“Маалымат жыйыны – бул аткаминерлердин журналисттердин алдындагы отчету эмес, бул өлкө калкы алдындагы отчету. Кишилер өз суроолоруна жооп издешет. Бир күндө мынча маалымат жыйыны – бул нонсенс. Биздин балдар салттуу маалымат жыйындарына катышпайт”, - деди Сайёф Мизроб.

Тажикстан президентинин аткаруучу аппаратынын кызматкерлеринин бири Масрур Абдуллозода маалымат жыйындары бир эле күндө, бирок ар башка убакытка белгиленгенин билдирди.

Акыркы учурда айрым жогорку кызматтагы аткаминерлер, анын ичинде Тажикстан Байланыш кызматынын башчысы, Душанбе мэри журналисттер менен болгон салтуу жыйындарга катышпай келишет.

XS
SM
MD
LG