Ссылки доступа

"Индия-Борбор Азия" саммитинде кызматташтыкты кеңейтүү маселеси талкууланды


Индия лидери жана борбор азиялык беш республиканын башчылары онлайн-саммит учурунда кызматташтык маселесин талкуулашты. Саммит Нью-Дели менен Бээжин аймактагы таасирин кеңейтүүгө умтулуп жаткан маалга туш келди.

Нарендра Моди 27-январда Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан президенттери катышкан саммит учурунда: “Индиянын тыгыз карым-катыштагы туруктуу коңшу түшүнүгүндө Борбор Азия олуттуу орунга ээ”, - деди.

Бул жолугушуу Кытай президенти Си-Цзиньпин Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен саммит өткөрүп, аймакка үч жыл аралыгында 500 миллион доллар берүүнү убадалагандан эки күн өткөн соң болду.

"Индия — Борбор Азия" саммитинде соода жана байланыш, өнүгүү үчүн өз ара байланышуу, коргонуу жана коопсуздук тармагында кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды.

Саммиттин катышуучулары тынч, коопсуз жана туруктуу Ооганстанды инклюзивдүү өкмөтү менен колдоого даяр экенин тастыкташты.

XS
SM
MD
LG