Ссылки доступа

Ташкентте аюунун капасына ыргытылган кичинекей кыз куткарылды


Ташкент зоопаркында өз апасы тарабынан аюунун капасына ыргытылган үч жашар кыз куткарылды. Бул тууралуу зоопарктын маалымат кызматы кабарлады. Окуя 28-январда болгон.

«Зузу аңга акырын түшүп, кыздын жанына келип, жыттап, анан кетип калды. Кыз жаныбардын азуусунан эмес, дээрлик беш метр төмөн кулгандан улам жабыркады», – деп айтылат билдирүүдө.

Расмий маалыматка караганда, зоопаркка келген кишилер жана кызматкерлер аялды токтотуп калууга аракет жасашканы менен ал кызын жырткычты көздөй ыргытып жиберүүгө үлгүргөн.

Ушул тапта укук коргоо органдары окуянын себебин иликтөөдө, аялга карата “Атайлап киши өлтүрүүгө аракет жасоо” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Кыз дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ташкент зоопаркы кызга медициналык жардам көрсөтүү үчүн кеткен чыгымдардын баарын төлөп берерин кабарлады.

XS
SM
MD
LG