Тоолуу-Бадахшанда интернетти калыбына келтирүү чакырыгына Украина, Болгария, Грузия, Орусия, Германия, Армения, Польша, Азербайжан, Беларус, Нидерланды, Литва, Кыргызстан, Бельгия, Казакстан, Түндүк Македония, Норвегия, Молдова, Швециядагы 39 өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрү кол коюшту.
Аймакта интернет былтыр 25-ноябрда Хорогдогу башаламан митингден кийин бөгөттөлгөн. Тажик бийлиги чектөөнүн себебин түшүндүргөн эмес, интернет качан калыбына келери белгисиз.
Жарандык активисттер интернетти бөгөттө экономика, соода, мобилдүүлүк жана саламаттык сактоо менен билим берүүдө олуттуу терс таасирлерди алып келерин белгилешүүдө.
Тоолуу-Бадахшандагы абалды биргеликте жөнгө салуу үчүн түзүлгөн “Комиссии 44” кыймылы бийлик Хорогдогу митинг токтор замат интернет калыбына келерине убада бергенин эске салууда.
2021-жылдын 25-ноябрында Хорогдогу акимчиликтин алдына 5 миңдей киши нааразылык акциясына чыккан. Алар тажик күч түзүмдөрү атайын операция учурунда 29 жаштагы жергиликтүү тургунду атып өлтүргөнүн айыптап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылышкан. Каршылык акциясы төрт күнгө созулган.