Ссылки доступа

Түндүк Корея кезектеги баллистикалык ракетасын учурду


Жекшембиде Түндүк Корея Чыгыш деңизди көздөй белгисиз снарядды ыргытты. Бул тууралуу «Ренхап» агенттиги Түштүк Кореянын Штабдар башчыларынын бирдиктүү комитетине шилтеме жасоо менен билдирди.

Аскердик талдоочулардын айтымында, снаряд баллистикалык ракета болуп эсептелет.

Маалыматка караганда, ракета 2 чакырым бийиктикте 800 чакырымга учуп, Жапониянын экономикалык зонасынан нары кулаган.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин улуттук коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүп, Түндүк Корея «контитенталь аралык баллистикалык ракеталарды учурбоо жөнүндө алган милдеттемелеринен артка тайганын» билдирди.

Ал Түндүк Кореяны чыңалууларды жаратууну токтотууга жана диалог куруу боюнча эл аралык чакырыктарга көңүл бурууга үндөдү.

Бул Пхеньяндын жылдын башынан берки жетинчи жолку сыноосу болуп калды.

Видео

Видео

 "Сен деп келген сапардан артка кайтпайм"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:31:12 0:00
XS
SM
MD
LG