Ссылки доступа

Мирзиёев Бээжиндеги кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат


Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бээжинде өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышат. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар кабарлашты.

Шавкат Мирзиёев Бээжинге Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен барат.

Чакырылган коноктордун арасында Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Сингапур, Тажикстан, Түркмөнстан, Египет, Польша, Аргентина, Катар, Сауд Арабиясы жана Камбоджа өлкөлөрүнүн жетекчилери бар. Мындан тышкары Бээжинге БУУнун башчысы, Эл аралык Олимпиада комитетинин жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун президенттери барат.

Кышкы Олимпиада 4-20-февраль аралыгында өтөт.

2021-жылы 6-декабрда Кошмо Штаттар Бээжинде өтө турган Олимпиадага дипломатиялык бойкот жарыялаган. Анда Вашингтон бул Шинжаңдагы геонцид менен байланыштуу экенин билдирген.

АКШнын демилгесин Австралия да колдогон, бирок Олимпиадага дипломатиялык байкот жарыялоого катышкан эмес.

АКШ акыркы жолу 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиада оюндарына байкот жарыялаган.

XS
SM
MD
LG