Ссылки доступа

БУУ: талибдер мурдагы ооган өкмөтүнүн жүздөн ашык тарапташын өлтүрдү


"Талибан" кыймылынын жоочулары
"Талибан" кыймылынын жоочулары

Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлер чыгарылгандан кийин "Талибан" радикал кыймылынын жоочулары мурдагы ооган өкмөтүнө байланышы бар жүздөн ашык кишини өлтүргөн. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш билдирди.

Баш катчынын уюмдун Коопсуздук кеңешине жолдогон жаңы баяндамасында НАТО жана БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү боюнча миссиясы менен кызматташкан мурдагы ооган аткаминерлери, күч түзүм кызматкерлери, жөнөкөй жарандар жана "Ислам мамлекети" (ИМ) тобунун жоочулары уурдалып, сотсуз өлүм жазасына тартылганы белгиленген.

"Мурдагы өкмөт мүчөлөрүнө, күч түзүм кызматкерлерине жана эл аралык куралдуу күчтөр менен кызматташкан адамдарга мунапыс жарыяланганына карабастан, бизге аталган адамдарды өлтүрүү, уурдоо сыяктуу зомбулук учурлары тууралуу ишенимдүү маалыматтар келип жатты", — деп жазылган баяндамада.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 15-августунан бери БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү боюнча миссиясы мындай адам өлтүрүүлөр тууралуу жүздөн ашык маалыматтарды алган. Документке ылайык, алардын кеминде үчтөн экиси "бийлик же ага байланышы бар адамдар тарабынан сотсуз дарга асылган". Мындан тышкары баяндамада талибдер ИМ тобуна тиешеси бар деп шектелген бери дегенде 50 кишини дарга асканы жазылган. Бирок документте бул өлтүрүүлөрдүн так далили келтирилген эмес.

Антониу Гутерриш Ооганстанда бийликке талибдер келгенден кийин өлкөдө гуманитардык каатчылык мурдагыдан да тереңдеп, ачарчылык күчөп жатканын белгиледи. Ал эл аралык коомчулукту ооган элинежардам берүүгө чакырып, болбосо аймак мындан да кымбатка туруп калышы мүмкүн экенин айтты.

Эки жума мурда Гутерриш БУУ Ооганстанга жардам берүү үчүн сураган сумма бул өлкөдөгү трагедиянын масштабын көрсөтүп турганын белгилеген. Ага чейин уюм Ооганстан боюнча 2022-жылга карата гуманитардык планын жарыялап, аны ишке ашырууга дээрлик 5 миллиард доллар талап кылынарын билдирген.

2021-жылы 15-августта "Талибандын" жоочулары Кабулду ээлеп алгандан кийин өлкөнүн президенти Ашраф Гани Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткен. Сентябрдын башында өлкөнүн убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны 2001-жылдан бери БУУнун санкциялык тизмесинде турган Мохаммад Хасан Ахунд жетектеп калган. Бүгүнкү күнө чейин Ооганстандагы бул өкмөттү дүйнөдөгү бир да өлкө тааный элек.

XS
SM
MD
LG